• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин Ак-Босого конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 24.04.24./Кабар/. Бишкектин Ак-Босого конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда бала бакчанын темир-бетон каркастарын куруу иштери жана чатырын жабуу аяктап, кирпич коюу иштери улантылууда.

Мектепке чейинки мекеме бир кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 1413,01 чарчы метрди, ал эми жердин аянты - 0,5714 гектарды түзөт.

Имаратта кийинүү, оюн, уктоочу бөлмөлөрү, кампа, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык кабинет, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле музыка-гимнастикалык зал каралган.



Пикир

Оставить комментарий