• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкектин Ак-Өргө конушунда жаңы өрт куткаруу бөлүгүнүн имараты ачылат

Коом 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. Бишкектин Ак-Өргө конушунда жаңы өрт куткаруу бөлүгүнүн имараты ачылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, учурда өрт куткаруу бөлүгүнүн имаратында курулуш иштери аяктады. Аталган бөлүк шаардагы 212 миңден ашуун адамды тейлемекчи. Объектти пайдаланууга август-сентябрь айларында берүү мерчемделүүдө.

БУУнун Өнүктүрүү программасы, Кореянын Эл аралык кызматташтык уюму "KOICA" жана Корея өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстанда жалпы 4 өрткө каршы куткаруу бөлүк курулду. Алар Чолпон-Ата, Ош шаарында, Сузакта жана Бишкекте.

Заманбап имараттар бардык талаптар менен курулуп, өрт өчүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Ар бир бөлүктө 5 тонналык өрт өчүрүүчү унаа, пикап үлгүсүндөгү авариялык куткаруу унаасы, гидравликалык куткаруу шаймандары бар. Ошондой эле бир 54 метрлик автошаты менен толукталган.

30-апрелде Кыргызстанга Кореядан келген атайын делегация Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте буга чейин жетишилген макулдашуунун негизинде ишке ашкан долбоорду талкуулашып, отчеттук маалымат угулду.

Пикир

Оставить комментарий