• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү оңдоо иштери жарым-жартылай аяктады

Коом 0

Бишкек, 15.06.24. /Кабар/. Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 15-июнда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтар жана ЖМК өкүлдөрү менен биргеликте бул тилкедеги иштердин аякташын текшерди.

Көчөлөр 18-июнда унаа кыймылы үчүн ачылат.

Белгилей кетсек, аталган тилкедеги жол оңдоо иштери мөөнөтүнөн 10 күн мурда бүтүрүлдү.

Эске сала кетсек, муниципалитет төмөнкү көчөлөрдө жолдорду реконструкциялоо иштерин жүргүзүүнү пландоодо:

- Манас проспектиси Чүй проспектиси менен Т.Айтматов көчөсүнө чейин;
- Байтик баатыр-Абдрахманов көчөлөрү Жибек-Жолу проспектисинен Токомбаев көчөсүнө чейин;
- Ахунбаев көчөсү Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин;
- Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин;
- Юнусалиев көчөсү менен Сух-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин.

Пикир

Оставить комментарий