Бишкектин Ала-Тоо конушунда спорт аянтчасы курулууда

Коом 0

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. Бишкектин Ала-Тоо конушунда спорт аянтчасы жана кичи архитектуралык формалардын курулушу жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билждиришкендей, жаңы аянтча эки бөлүктөн турат жана футбол, баскетбол үчүн аянтчалар жабдылган. Ошондой эле воркаут зоналары, балдар аянтчасы, чуркоо үчүн аянтча, унаа токтотуучу жай, тротуарлар, аймакты жашылдандыруу каралган.

Спорт аянтчасынын жалпы аянты 0,8373 гектарды түзөт. Учурда курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий