• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектин Аламедин-1 кичирайонундагы өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районуна караштуу Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатындагы батиринен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо кучагына алган аянт 45 чарчы метрди түздү.

Өрт өчүрүүчү, куткаруучулар өрт чыккан батирдин ичинен 3 жаш баланы аман-эсен куткарып, 11 адамды эвакуациялашкан.

Пикир

Оставить комментарий