Бишкекте автобустардагы камералар жолдогу эреже бузууну каттай баштады

Коом 0


Бишкек, 06.10.23. /Кабар/. Бишкекте автобустардагы камералар жолдогу эреже бузууну каттай баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, камералар 120 жаңы автобуста орнотулган. Алар коомдук транспорттун тилкелеринде унаа токтотуу жана айдоо эрежелерин бузууларды каттайт.

Чогулган материалдар Милициянын кайгуул кызматына өткөрүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий