• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкектин Бакаев көчөсү башаламан соода-сатыктан тазаланды

Коом 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Бишкектин Бакаев көчөсү башаламан соода-сатыктан тазаланды, деп билдиришти муниципалитеттен.

Белгиленгендей, мэриянын муниципалдык инспекциясы тарабынан ар бир сатуучуга белгиленбеген жерлерде соода кылууну токтотуу жөнүндө билдирүүлөрдү берилди.

"Сатуучулар Муниципалдык инспекция тарабынан берилген эскертүүлөргө көңүл буруп, Бакаев көчөсүн белгиленген мөөнөттө мыйзамсыз соодадан бошотушкан. Эми "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасы тарабынан Бакаев көчөсүн жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, уруксатсыз соода санитардык абалды начарлатып, коомдук транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жаратып, көчөлөрдүн көркүн бузат.

Пикир

Оставить комментарий