Бишкектин базарларында АИВ, сифилис, В жана С гепатитине акысыз тестирлөө жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Республикалык “СПИД” борбору 23-ноябрдан тартып Бишкек шаарынын базарларында АИВ, сифилис, В жана С гепатитке жашыруун тестирлөөнү баштайт.

Борбордон кабарлашкандай, бардык каалоочулар текшерүүдөн өтө алат.

Акысыз текшерүү Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган бир айлыктын алкагында өтөт.

Мобилдик тестирлөөнү өткөрүү орду жана убактысы:

“Ош” базары - 23-24-ноябрда;

“Аламүдүн” базары - 25-26-ноябрь;

“Сары-Өзөн” базары - 27-28-ноябрь;

“Сары-Өзөн” базары - 28-ноябрда;

“Дордой-Дыйкан” базары - 30-ноябрда;

“Орто-Сай” базары- 1-декабрда.

Тестирлөөнүн убактысы 10:00дөн15:00гө чейин.

Пикир

Оставить комментарий