• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Бишкектин Безымянная көчөсү оңдоо иштери үчүн жабылды

Коом 0

Бишкек, 23.04.24. /Кабар/. Бишкектин Безымянная көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Таш-Көмүр көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо үчүн жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда аталган тилкеде эски асфальт сыйрылып, жердин негизин даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, ирригациялык система жана бордюрлар кезеги менен орнотулат. Курулуш иштерин аяктоомай айынын ортосуна пландаштырылды.

Белгилей кетсек, жол оңдоо иштери «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий