Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Бишкектин бир бөлүгүндө суу убактылуу өчтү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Шабдан баатыр проспектиси менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишинде диаметри 300 мм болгон суу түтүкчөсүндө авария катталган. Учурда «Бишкексууканал» ишканасынын суу менен камсыздоо кызматынын бригадасы оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.
Пикир
Оставить комментарий