Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Бишкекте жөө адамдар өтүүчү жолду куруу иштери кызуу жүрүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, төмөнкү көчөлөрдүн тилкелеринде жөө адамдар өтүүчү жолдордун курулуш иштери актады:
- Киев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин түштүк тарабы;
- -Лев Толстой көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин түштүк тарабы;
- Салиева көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн №68,69 үйлөрдүн кире бериш жолдоруна чейин;
- Жаш Гвардия бульварынын Рыскулов көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин чыгыш тарабы;
- Ак-Босого жаңы конушунун Чүй 41 көчөсүндөгү аллеяга эки тарабынан тротуар салынды.
Учурда “Бишкекасфальтсервис” ишканасы тарабынан тротуарларды куруу боюнча иштер төмөнкү көчөлөрдө жүрүүдө:
- Ахубаев көчөсүнүн Ж.Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
- Абай көчөсүнүн М. Горький көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
- Панфилов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө.
Пикир
Оставить комментарий