• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектин Биринчи май акимиатынын кезектеги жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май акимиатынын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, райондун акими Жамалбек Ырсалиевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында үч маселе каралды: 2022-жылы калкты жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү, өз алдынча турак жай курулган жер тилкелерине каттоо күбөлүгүн тариздөө, 2022-жылдын 27-февралына дайындалган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү.

Биринчи маселе боюнча райондук МАБдардын төрагалары улуттук статистикалык комитеттин өкүлдөрү менен биргеликте эл каттоонун уюштуруу аспектилерин, анын ичинде райондун калктуу конуштарынын чек арасын аныктоону талкуулашты.

Андан кийин уруксаты жок курулуштарды изилдөө үчүн мобилдик топтордун графиги каралды. Бул маселе боюнча райондун тургундары арасында маалыматтык кампания жүргүзүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунда укук белгилөөчү документтери жок 2686 кожолук бар.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө УШКлардын кайра шайлоолорго даярдыгы боюнча маселелер каралды.

Жыйынтыгында райондук кызматтарга каралган бардык маселелер боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий