• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Бишкектин борборунда милициянын унаасы менен жеңил унаа кагылышты

Кырсык 0

Бишкек, 30.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Күн мурун Бишкектин борборунда Бишкек ШИИБдин унаасы менен жеңил унаа кагылышкан. Аталган маалыматты калаанын ИИББнин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Алдын ала маалыматка ылайык, Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде ШИИБдин унаасы “Range Rover” менен кагышылкан. Ведомстводон жол кырсыгы тууралуу толугураак маалымат кийинчерээк бериле тургандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий