• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектин борборунда өз ыктыяры менен бир нече объект алынды

Коом 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарында Чүй проспектиси 217 дарегинде жайгашкан кафе, кеңсе, акча алмаштыруучу жай, жайкы кафенин имараты алынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган имараттар салынган тилке республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болуп саналган У.Асаналиев атындагы Кыргыз тоо-кен металлургиялык институтунун башкы фасадынын имаратынын жанында жайгашкан.

Учурда жер пайдалануучу Тоо-кен институтунун имаратынын фасадын ачуу максатында жер тилкесиндеги объектилерди өз ыктыяры менен бузуп жатат.

Келечекте калган жер участогуна заманбап объектти долбоорлоо жана куруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий