Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Бишкектеги Абдрахманов менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чийинден өтүп бара жаткан аялды Honda CR-V унаасынын айдоочусу (аял киши) сүзүп кетти.
Жолтандабас сүзгөндө жөө жүргүнчү 1,5 – 2 метрге ыргып кеткен. Жабыркаган аял эс-учун жоготкон.
Окуя болгон жерге алгач кайгуул милициясы келген. Көп өтпөй тез жардам унаасы да келип, жабыркаган жаранды ооруканага алып кеткен.
Пикир
Оставить комментарий