Бишкектин Чүй проспектиси 15-июлдан тарта жабылат

Коом 0

Бишкек, 10.06.24./Кабар/. Бишкектин Чүй проспектисин 15-июлдан тарта жабуу пландалууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 15-июлунан тарта (1-этап) оңдоо иштерин баштоо чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Малдыбаев көчөсүнө чейин жана Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки тилкелери жабылып, капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий