Бишкектин Чүй проспектисинде жайгашкан уруксатсыз кошумча курулуштар буздурулууда

Коом 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Чүй проспектисиндеги 271, 273 дарегинде жайгашкан уруксатсыз алты кошумча курулуш буздурулууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жеринде башкармалыктын кызматкерлери Ленин районунун акимиатынын жана «Тазалык» МИнин кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышууда.

Иштин жүрүшүндө жалпы 145,5 чарчы метрди түзгөн «мыйзамсыз» курулуштарды буздуруу иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, 2023-жылдын 15-майында башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле КР мыйзамдарынын колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулмалардан бошотуу жөнүндө эскертүү кагазы берилген.

Пикир

Оставить комментарий