• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бишкектин үч көчөсү жарыктандырылды

Коом 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын Садыбакасов, Шералиев жана Актан көчөлөрү жарыктандырылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөлөргө 126 жарык чырак ар биринин кубаттуулугу 100 Вт жана 32 темир-бетон таянычтары орнотулган. Ишенимдүү энергия менен камсыз кылуу үчүн 4500 метрден ашык өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым (СИП) өткөрүлдү.

Жаңы жарыктандыруу кечинде жана түнкүсүн коопсуздукту гана жогорулатпастан, көчөлөрдө коопсуз жүрүүгө да шарт түзөт.

Пикир

Оставить комментарий