• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкектин чет жакасына “Манас” соода-логистикалык шаары курулат

Коом 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Бишкектин чет жакасына “Манас” соода-логистикалык шаары курулат. Министрлер кабинети “Кыргыз-кытай инвестициялык холдинги” ЖЧКсы менен 2023-жылдын 8-декабрында түзүлгөн инвестициялык-курулуштук долбоорду ишке ашыруу максатында келишимди бекитти.

Документке ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагынан 456,57 гектар жер тилкеси 49 жылга ижарага берилет.

“Манас” соода-логистикалык шаары инвестициялык долбоорунун ишин башкаруу максатында башкаруучу компаниянын 51% үлүшү (акциясы) инвесторго, 49% үлүшү министрлер кабинетине тийиштүү болот. Турак жай комплекстери пайдаланууга берилгенде алардын 10%ы мамлекеттин менчигине өтөт.

Пикир

Оставить комментарий