• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектин четинде газ түтүкчөсүнүн жарылуусунан 13 жашар бала каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Бишкектин четиндеги ГЭС-2 айылындагы үйлөрдүн биринде жарылуу болуп, бир адам каза болуп, дагы бирөө жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жарылуудан каза болгон бала 13 жашта болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, ГЭС-2 айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн жаратылыш газ түтүкчөсү жарылган.

Жерине саат 15:00дө Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, саат 15:05те Ыкчам нөөмөт бөлүмүнөн 2 өрт-өчүрүүчү-куткаруучу жана Газ кызматынан бир бригада тартылган.

Куткаруучулар каза болгон баланын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаранды өздүк унаасы менен ооруканага жеткиришкен, абалы канааттандырарлык.

Пикир

Оставить комментарий