• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкектин четиндеги айланма жолдо кырсык катталып, айдоочу каза болду

Кырсык 0


Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Бишкектин четиндеги айланма жолдо кырсык катталып, айдоочу каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-январда кечки саат 19:25тер чамасында Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунда 1995-жылы туулган Ж.А.Ж. аттуу айдоочу "Тойта-Приус" унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып рулга ээ боло албай батыштан чыгышты көздөй келе жаткан оор жүк ташуучу "Ситрак" унаасын сүзгөн. Анын айдоочусу Кытай жараны 1982-жылы туулган А.Л. болгон.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу 29 жаштагы Ж.А. окуя болгон жерде каза болуп, анын эки жүргүнчусү ар кандай жараат менен Кант шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий