• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектин четиндеги "ЗиЛ" тоо базасында лыжа фестивалы өтөт

Спорт 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Бишкектин четиндеги "ЗиЛ" тоо лыжа базасында жыл сайын өтүүчү "Кыргызстан — тоо лыжа жана кышкы эс алуу өлкөсү" кайрымдуулук фестивалы өтөт. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.

Иш-чара 17-февралда өтөт. Башталышы саат 11:00дө.

Фестивалдын максаты – Кыргызстанды кышкы спорттун, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү катары таанытуу, ошондой эле жарандарды активдүү жашоо образына чакыруу, аярлуу топторду колдоо болуп саналат. Анын алкагында профессионалдык лыжа тебүү жана музыкалдык номерлер болоору күтүлүүдө.

Иш-чара Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти, "ЗиЛ" тоо лыжа базасы, Инвестициялык кеңеш, JIA бизнес ассоциациясы, Эл аралык ишкерлер кеӊеши, JICA бүтүрүүчүлөр ассоциациясы тарабынан уюштурулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий