• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын 133 көчөсүндө туз, кум себүү жана тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

“Тазалоо иштерине 32 техника, ошондой эле жол-эксплуатациялоо кызматынын 40 жумушчусу жана 628 көчө шыпыргыч тартылган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий