• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектин Көкчө-Тоо көчөсү капиталдык оңдоодон өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Бишкектин Көкчө-Тоо көчөсү капиталдык оңдоодон өтүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Көкчө-Тоо көчөсүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштери "Бишкекасфальтсервис" ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө ишкананын кызматкерлери тарабынан туурасы 6 метр болгон жолго асфальт-бетон аралашмасы төшөлө баштады.

Адистер эски асфальтын сыйруу иштерин жүргүзүп, жолдун негизин даярдап, асфальттын биринчи катмарын төшөштү. Сугат үчүн ирригациялык система орнотулуп, туурасы 1,5 метр тротуар салынды.

Ошондой эле курулуш учурунда тоскоолдук жараткан жеңил конструкциялар демонтаждалды.

Пикир

Оставить комментарий