Бишкектин Көлмө конушундагы китепкананын курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 21.05.24./Кабар/. Бишкек шаарынын Көлмө конушундагы китепкананын курулушу уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда 1-кабатына кирпич коюу,, 3-кабаттын монолиттүү полун бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Имарат 3 кабаттан туруп, окуу жана абонемент бөлмөлөрүн, 78 адамга ылайыкталган окуу залдарды, кызматкерлер үчүн кеңсе жана техникалык бөлмөлөрдү камтыйт.

Жер участогунун жалпы аянты 0,38 га, жайлардын жалпы аянты 622,62 чарчы метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий