Бишкектин кайгуул кызматы эки жаңы унаалуу болду – видео

Коом 0


Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Бишкектин Милициянын кайгуул кызматы эки жаңы унаалуу болду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого салым кошуу максатында атайын демөөрчүлөр башкармалыкка 2022-жылы чыгарылган Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү эки унаа беришти.

Башкармалыктын жетекчилиги жаңы унааларды Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматынын ишмердүүлүгү үчүн өткөрүп берди.

Пикир

Оставить комментарий