Бишкектин комендатурасы: "Ак Кемедеги" обсервациядан эч ким секирип качкан жок

Коом 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. "Ак Кемедеги" обсервациядан эч ким секирип качкан жок, - деп кабарлашты Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова обсервацияларды кайтарууну күчөтүү керектигин ИИМден суранган.

"Ошондой эле ал "Ак-Кемедеги" обсервациядагы адамдар тордон секирип жаткандыгын белгилеген эле. Обсервация толугу менен милициянын көзөмөлүндө жана коомдук тартип камсыздалууда. "Ак-Кемеде" жайгашкан обсервациядагы жайырма эки жаштагы кыз балкондо кийимин жайып жаткан учурда өзүнүн зер буюмун кокустуктан түшүрүп алып, чатырдын жээгинен кайра алганга үлгүргөн. Ошол эле учурда ал жак бийик болгондуктан секирип кетүүгө такыр мүмкүн эмес. Милиция кызматкерлери кызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда кыз ал жактан секирип качып кетүү оюнда да жок экендигин билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий