• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Бишкектин Ленин районундагы талапка жооп бербеген жарнамалар алынууда

Коом 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Бишкектин Ленин районунун аймагындагы талапка жооп бербеген жарнамалар алынууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Атайын жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Д.Сяопин проспектиси боюнча мыйзамсыз орнотулган жалпы 18 даана жарнама (баннерлер, афишалар, стенддер ж.б.) алынды.

Бишкек мэриясынан бул багытта иштер уланып жаткандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий