• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги мектеп жана бала бакчаларда Айтматовдун 95 жылдыгына карата иш-чаралар өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы мектептерде жана бала бакчаларда залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, №62 гимназиянын окуучулары Айтматов таануучу Лайли Үкүбаева менен жолугуп, Чынгыз Айтматовдун белгилүү чыгармаларынын каармандарынын монологунан үзүндүлөрдү аткарышты.

Ал эми №103 орто мектебинде улуу жазуучунун чыгармаларынын көргөзмөсү болуп өттү. Башталгыч класстын окуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын сүрөттөрүн тартышкан.

№22 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде залкар жазуучунун чыгармачылыгына арналган иш-чара өттү. Балдар Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасынан үзүндү коюп, балдар тартылган "Чыпалак" мультфильмин көрсөтүштү.

№181 балдар бакчасында "Айтматов кылым ааламы" аттуу иш-чара уюштурулду. Тарбиячылар "Ак Кеме" жана "Биринчи мугалим" чыгармаларынан үзүндүлөрдү көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий