Бишкектин мугалимдери квалификациясын жогорулатууда

Коом 0

Бишкек, 31.05.22 /Кабар/. Бишкек шаарындагы№65 экологиялык-экономикалык лицейдин базасында шаардын 200 мугалими квалификациясын жогорулатууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардын билим берүү башкармалыгы М.Акмулла атындагы Башкырт мамлекеттик педагогикалык университети (Уфа, Россия Федерациясы) менен биргеликте кызматташуунун алкагында 72 сааттык курстарды уюштурду.

Курстун жыйынтыгында жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине сертификаттар тапшырылат.

Баяндамачылар:

Калимуллина Гузель Ибрагимовна — Кошумча билим берүү институтунун директору;
Бережная Светлана Геннадьевна - билим берүүнүн сапатын башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Беляев Максим Анатольевич - Макулдашуучу технологиялар борборунун жетекчиси;
Биктагирова Алсу Рашитовна — жалпы жана педагогикалык психология кафедрасынын доценти.

Пикир

Оставить комментарий