• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин мугалимдери жана мектеп окуучулары үчүн баарлашуу клубу ачылды

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы Билимкана мектебинин базасында англис тили мугалимдери жана жогорку класстын окуучулары үчүн баарлашуу клубун уюштурду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, клуб АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ачылды. Клубду "Фулбрайт" программасынын бүтүрүүчүсү Сидни Хейнс алып барат.

Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен “Билимкана” фондунун биргелешкен программасы АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен мугалимдердин жана студенттердин оозеки тилин жана академиялык жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

Клуб окуу жылынын аягына чейин, жума сайын ишемби күндөрү иштейт. Бул убакыттын ичинде клубдун мүчөлөрү катышуу үчүн арыздарды толтуруу, эссе жазуу жана маектешүү шарттарын үйрөнүшөт. Ошондой эле алар Кошмо Штаттардагы билим берүү программалары боюнча керектүү маалыматты алышат.

Кошумча маалымат телефону: 0 557 341 482 - Жолчиева Аэлита Алибековна.

Пикир

Оставить комментарий