• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектин Октябрь районунда Нооруз майрамына карата бир катар иш-чаралар өттү

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районунун жалпы билим берүү уюмдарында Нооруз майрамына карата бир катар иш-чаралар өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, №73 мектепте Нооруз майрамына карата концерттик программа жана улуттук кийимдердин этно-дефилеси тартууланды.

Ал эми Бектурсун Алымов атындагы №39 мектеп-гимназиясында “Сармерден” майрамдык кечеси болуп өттү. Ошондой эле улуттук тамак-аштардын жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмөнүн көркүн «Куу булак» ансамблинин коштоосунда кыргыз күүлөрү жаңырды.

Мындан тышкары, №142 мектепке чейинки билим берүү уюмунда «Нооруз – салам, жаз» деген темада кызыктуу иш-чара өттү. Ошондой эле №17 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде Нооруз майрамына карата иш-чара уюштурулду.

Белгилей кетсек, иш-чаралар президенттин“2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий