Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Бишкектин Октябрь акимчилигинде 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча штаб жыйыны өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө КР мыйзамдарынын сакталышы, материалдык-техникалык жактан камсыздоого даярдыктар талкууланды.
Жыйынга райондун акими Жаныбек Орозалиев, БАШКнын төрагасы Бахадыр Конуров, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.
Штабдын жыйынынын жыйынтыгында райондун акими шайлоо участкаларынын кураторлоруна материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну көзөмөлгө алуу милдетин койду.
Пикир
Оставить комментарий