• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкектин Осмонкул көчөсү түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Бишкектин Никитин жана Салиева көчөсүнүн ортосундагы Осмонкул көчөсүндө түтүктөрдү алмаштыруу иштерине байланыштуу аталган көчөдө жол кыймылы толугу менен жабылат. Бул тууралуу маалымат Бишкек мэриясынын сайтында жарыяланды.

Алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, ошондой эле ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери 2024 -жылдын 27-августунан башталып, 13-сентябрына чейин уланат.

Белгилей кетсек, Осмокул көчөсүндөгү узундугу 127 метр, диаметри 325 мм түтүктөр алмаштырылат. Жылуулук тармагынын бул тилкеси 1985-жылы ишке киргизилип, өзүнүн эксплуатациялоо мөөнөтүн өтөп бүткөн.

"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы айдоочулардан каттамдарды алдын-ала пландаштырып, убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий