• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкектин престиждүү аймагында жайгашкан жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Бишкектин престиждүү аймактарынын биринде жайгашкан жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ы.Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 0,35 га болгон 5 муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, бул жер тилкелерин жеке адамдарга мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схема Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын токтомунан көчүрмөлөрдү бурмалоо жолу менен айрым жогорку кызматтагы адамдар тарабынан уюштурулгандыгы такталган.

Кылмыштуу план боюнча аталган жер тилкелерине укук белгилөөчү документтер катталгандан кийин турак жай комплексин куруу пландалган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында жалпы наркы 300 млн.сомду түзгөн 0,35 га өлчөмүндөгү муниципалдык жер участокторун мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча кылмыштуу схемага катышкан жактар аныкталды.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кылмыштуу аракеттерге катышкан адамдар аталган жер тилкелерин мамлекеттин менчигине ыктыярдуу түрдө өткөрүп берди.

УКМК мурда мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган тиешелүү иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий