• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкектин райондорунда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Мугалимдер күнүнө карата Бишкектин Октябрь, Свердлов, Ленин жана Биринчи май райондорунун башчылары мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, акимдер мугалимдерге өсүп келе жаткан муундарды окутууга жана тарбиялоого кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Октябрь районунда олимпиадада алдыңкы орундарды багынткан окуучуларга ыраазычылык кат, Ардак грамота жана акчалай сертификаттарды аким Жаныбек Орозалиев тапшырды.

"Алтын тамга" жана "Алтын аттестат" алган мектептерге компьютердик жабдууларга сертификаттар тапшырылды. Салтанаттуу иш-чара балдардын чыгармачылык борборунун жана эмгек сиңирген артисттеринин концерттик программасы менен коштолду.

Свердлов районундагы №65 мектепте аким Кубанычбек Айтакунов мугалимдерге ыраазычылык билдирип, эстелик белектерин тапшырып, райондук "Жыл мугалими"сынагында жеңген мугалимдердин жетишкендиктерин белгиледи.

Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев да мугалимдерди куттуктап, райондук сынакта өзгөчөлөнгөн мугалимдерге баалуу сыйлыктарды тапшырды.

Биринчи май районунда район башчысы Сарылбек уулу Уландын катышуусунда №29 мектепте салтанаттуу иш-чара өттү. Ал мугалимдердин ак эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, Ардак грамоталарды жана эстелик белектерди тапшырды. Майрамдык маанайды "Шаттык" бий ансамбли, балдардын чыгармачылык борбору жана "Кыргыз руху" фольклордук ансамблинин өнөрлөрү жаратты. Мугалимдерге ырчылар Кайрат Примбердиев, Алтынай Асанбекова жана Марат Талантбеков өздөрүнүн ырларын тартуулашты.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык мугалимдерге терең ыраазычылык билдирип, ден соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайт.

Пикир

Оставить комментарий