Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Бишкектин жолдорун тыгындан бошотуу максатында альтернативдүү көчөлөрдү капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Республика көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгүн капиталдык оңдоо иштери пландалган. Шаардыктарга ыңгайлуу болушу үчүн аталган көчөнү оңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.
Республика көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Березовая көчөсүнө чейинки тилкеси асфальтталды. Учурда Березовая көчөсүнөн баштап аллеяга чейин асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин адистер ирригациялык системаны, бордюрларды орнотуп, жолдун негизин даярдашкан.
Пикир
Оставить комментарий