• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкектин Шабдан баатыр көчөсүндөгү тротуар оңдолууда

Коом 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Бишкекте Шабдан баатыр көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки тилкесинде тротуар куруу иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда эски асфальтты алуу, ошондой эле эски бордюрларды жана ирригациялык системаларды демонтаждоо иштери жүрүүдө.

Ошондой эле учурда аталган көчөнүн Курманалиев көчөсүнөн Будённый көчөсүнө чейинки тилкесинин түндүк тарабында тротуарды оңдоо иштери жүрүүдө.

Эске сала кетсек, 2023-жылы Шабдан Баатыр көчөсүндөгү тротуардын 7-Апрель көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы оңдолгон.

Пикир

Оставить комментарий