Бишкектин Свердлов округу боюнча ЖК депутатын шайлоо дайындалды

Президент 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Бишкектин № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыкка ылайык, № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, КР Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, “КР президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 59, 65-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1.№ 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнуна, жекшембиге дайындалсын.

2. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР мыйзамдарына ылайык шайлоону өткөрүүнү уюштурсун.

3. КР министрлер кабинети:

– КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлсүн;

– шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн;

– Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн анын маалыматтарын тактоо боюнча чараларды көрсүн;

– шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну, мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдарын камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн;

– добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;

– КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чараларды ишке ашырууну белгиленген тартипте камсыз кылсын.

4. КР Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө КР Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.

5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

Пикир

Оставить комментарий