Бишкектин түштүк тарабында Салык кызматынын жаңы имараты курулат — эскиздери

Коом 0

Бишкек, 07.06.24./Кабар/. Бишкектин түштүк бөлүгүндө Мамлекеттик салык кызматынын жаңы административдик имараты курулат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине ведомствонун жетекчиси Алтынбек Абдувапов билдирди.

Анын айтымында, жаңы имарат жети кабаттуу жана заманбап архитектурага ээ болот. Имараттын жалпы аянты 7,5 миң чарчы метрди түзөт.

"Жогорудан караганда имарат улуттук сом валютасын жана "Салык" сөзүнүн биринчи тамгасын символдоштурган "C" тамгасынын уникалдуу формасында көрүнөт. Ал ошондой эле туруктуулукту символдоштуруп, бир топ монеталардын элесин чагылдырат", - деди ал.

Ошондой эле ведомствонун башчысы жаңы имаратта Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын, аналитикалык, кырдаалдык жана маалымат борборлорунун кызматкерлери жайгашаарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий