• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Бишкектин тегерегиндеги айылдарга ипотекалык үйлөрдү куруу сунушталды

Коом 0

Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров Бишкектин тегерегиндеги айылдарга ипотекалык үйлөрдү курууну сунуштады.

“Элди кыдырсак, эң биринчи көйгөй турак жай экен. Мамлекеттик ипотекалык компания үйлөрдү жалгыз эле Бишкекке салбай, четтеги айылдарга да салса. Мисалы, Токмок шаарында жер бөлүнгөн экен, бирок курулуш баштала элек. Борбордун тегерегиндеги көп айылдарда жер тилкеси аз, үйгө кезекке турган миңдеген адам бар. Демек ал жакка да көп кабаттуу үй курулушу керек” , - деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүнкү күндө 2 млн чарчы метр үйлөр курулду. Ошол эле учурда социалдык турак жай алуу кезегинде 40 миңден ашуун жаран бар.

Бийлик мамлекеттик ипотекага турак жай алуунун жолун кыйла жеңилдеткен. Мурда ипотека аркылуу 30 пайызын дароо төлөп, калганын 10 жылга 14 пайыз менен үй алышса, азыркы учурда алдын ала төлөмсүз, 4 пайыз менен 25 жылга алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мындан тышкары, үйдү ипотека аркылуу 50 пайызын дароо төлөп, 8 пайыз менен 10-15 жылга алса болот.

Пикир

Оставить комментарий