• 85.8
  • 92.83
  • 0.88

Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү суу түтүгүнүн жарылуусу четтетилди

Коом 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү суу түтүгүнүн жарылуусу четтетилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти

Маалыматка ылайык, Токтогул көчөсүндө Шопоков жана Абдрахманов көчөлөрүнүн ортосунда жылуулук тармагында жарылуу катталып, "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасынын адистеринин ыкчам иш-аракеттеринин аркасында жарылуу дароо четтетилди. Жылуулук камерадан суу сордурулуп, жарылуунун орду аныкталып, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, жылуулук тармагы 1987-жылы курулуп, 37 жылдан бери колдонулууда. Түтүктүн диаметри 273 мм түзөт.

Түтүктүн жарылышына байланыштуу төмөнкү даректерде жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлгөн:

  • Токтогул көчөсү, 77, 75;
  • Абдырахманов көчөсү, 137, 141, 143, 145;
  • Киев көчөсү, 44, 58, 60;
  • Чүй проспектиси, 96.

Белгиленгендей, кечки саат 8:00гө чейин жылуулук берүүнү калыбына келтирүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий