• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкектин "Туңгуч" кичи районунда жолдорду капиталдык оңдоо иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. "Туңгуч" кичи районундагы эки көчөдө капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу маалымат Бишкек мэриясынын сайтына жарыяланды.

Учурда Ауэзов көчөсүндө Анкара көчөсүнөн Чоң-Чүй каналына чейин бордюрлар орнотулуп, эски асфалты сыйрылып, тротуардын негизин даярдоо иштери аяктады. Мындан тышкары, тротуарды кеңейтүү жүргүзүлдү.

Ошондой эле аталган кичи райондогу №36/2 үйдүн түштүк тарабынан, №7 үйдүн түндүк тарабынан №181 үйгө чейинки жолду капиталдык оңдоо иштери башталды. Учурда жаңы ирригация системасын орнотуу пландалууда.

Белгилей кетсек, жолдор "Чүйдорсервис" ЖЧК подряддык уюму тарабынан оңдолууда.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы 2024-жылдын титулдук тизмесине ылайык, борбор калаанын аймагындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий