Бишкек мэриясында Кытайдын Чанша шаарынан келген делегация менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Бишкекте калаа башчысынын орун басары Рамиз Алиев Кытайдын Чанша шаарынын вице-мэри Пэн Тао баштаган делегация менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө санитардык полигондун аймагына катуу тиричилик таштандыларын утилизациялоо боюнча экотехнологиялык завод куруу маселеси талкууланды.

Чанша шаарынын вице-мэри Пэн Тао белгилегендей, долбоордун өз мөөнөтүндө бүтүшү үчүн бардык аракеттер көрүлөт. Пен Тао ошондой эле кызматташуунун бир нече багыттарын, атап айтканда, өнөр жай, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоо жана экспорттоо жаатында сунуштады.

Рамиз Алиев атайын жабдууларды сатып алуу маселесин кароого даяр экенин баса белгиледи.

Тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.

Маалымат үчүн: Чанша (кытайча 长沙, пиньинь Chángshā) — Кытайдын Хунань провинциясындагы шаар району, провинциянын административдик борбору. Сянцзян дарыясында жайгашкан. Ал тарыхый «Чанжутандын алтын үч бурчтугунун» бир бөлүгү (аты Чанша, Чжучжоу, Сянтан шаарларынын райондорунун аттарын бириктирет).

Чанша - Кытайдын түштүгүндөгү ири өнөр жай борбору. Чанша - өлкөнүн экономикалык жактан эң өнүккөн 20 шаарынын бири. 2008-жылы анын ИДПсы 43 млрд АКШ долларын түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 15,1%га көп. ИДП жан башына – 6589 АКШ доллары. Экономикалык өнүгүүдө шаар тездик менен кеңейип анын экологиялык абалынын кескин начарлашы байкалган.

Пикир

Оставить комментарий