Бишкектин жанындагы көлмөгө 24 жаштагы жигит чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Аламүдүн районундагы Ленин айылында 24 жаштагы жигит көлмөгө чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-июлда болжол менен саат 18:37лер чамасында 1994-жылкы Ы.М., аттуу жаран көлмөгө түшүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине келген куткаруучулар кечки саат 20:30дар чамасында көлмөдөн маркумдун жансыз денесин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий