Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Бишкектин жашоочусунун үйүнөн таштанды чыгаруучу бригада 4 тонна таштанды чыгарган.
"Тазалык" ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, таштанды Байтик-Баатыр №13/Б көчөсүндө жайгашкан жеке турак үйдөн чыгарылган.
Маалыматта айтылгандай, үйдүн кожойкеси көп жылдан бери таштандыларды чогултуп келген. Коңшулары жагымсыз жыттанып жаткандыгын айтып администрацияга кайрылышкан.
Жерине барган бригада үйдүн короосунан 4 тонна үй-тиричилик таштандыларын чыгарган. Үй ээси менен санитардык нормаларды бузууга жол бербөө боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Пикир
Оставить комментарий