• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери аяктоодо

Коом 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери аяктоо алдында турат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, күн мурун "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасынын директору Уран Райымбеков башкы инженер Нурлан Кайдуев менен биргеликте аталган көчөдөгү курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

"Бүгүнкү күндө Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүрүп жатат, ал эми Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери башталган. Белгиленгендей, Октябрь администрациясынын демилгеси менен Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү кеңейтилип, эми төрт тилкелүү болот", - деп айтылат маалыматта.

"Асфальт сапаттуу жана өз убагында төшөлүшү керек, мындан тышкары Горький көчөсүнөн тарта участогу биринчи ачылыш керек", - деди директор Уран Райымбеков.

Реконструкциялоонун жүрүшүндө диаметри 700 мм болгон магистралдык түтүктөр диаметри 900 мм болгон түтүктөргө алмаштырылып, жабуучу жабдуулар толугу менен алмаштырылды. Реконструкцияланган тармактын узундугу 845 метрди түзөт.

Шаардын түштүк бөлүгүн жылуулук менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга багытталган реконструкциялоо иштери жакынкы арада аяктап, тургундарды ишенимдүү жана заманбап жылуулук менен камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий