• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкектин жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу үчүн 200 млн доллар кошумча каражат табуу кажет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.03.18 /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча насыялык жана гранттык макулдашууларды жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Келишимге ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан кыргыз тарапка бериле турган жеӊилдетилген насыя каражатынын жалпы көлөмү – 21,2 млн доллар, анын ичинде 3 млн доллар гранттык каражат болуп саналат. Ал толугу менен «Бишкек жылуулук тармагынын» карамагындагы оӊдоо иштерине жумшалмакчы.

«Бишкек жылуулук тармагынын» карамагында жалпы узундугу 430 чакырым жылуулук түтүктөрү бар, азыр анын 328 чакырымы же 70 пайызы алмаштырылууга муктаж. «Аларды толук алмаштыруу үчүн 200 млн доллар көлөмүндө каражат табуу кажет. Ошондон улам, Дүйнөлүк банктык каражаты тартылууда», - дейт баяндамачы.

Ал эми «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын жетекчиси Эркин Абдыкалыковдун айтымында, ордо калаадагы батирлер +18 градустан кем эмес жылуулук менен камсыз кылынууга тийиш. «Азыр алына турган каражат жалпы чыгымдын 3 пайызын гана түзөт, демек, дагы кошумча каражат талап кылынат. Бул багытта дагы инвестиция тартуу аракеттерин көрүп жатабыз. Алынган каражаттар толугу менен биздин тармак тарабынан төлөнүп берилет», - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий