"Бишкекжарык" ишканасы айдоочуларды ишке чакырат

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасына айдоочулар талап кылынат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Айдоочуларга талаптар:
- 18 жашка толгон КР жараны;
- В-С категориясындагы айдоочулук күбөлүк, 2 жылдан кем эмес стажы;
- жаман адаттар жок;
- пунктуалдык жана жооптуу.

Белгилей кетсек, айлык акы 31 миң сомду түзөт. Бардык талапкерлердин жанында туура байланыш номерлерин көрсөткөн резюмеси болушу керек.

Аңгемелешүү иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бөкөнбаев көчөсү, 232 дареги боюнча өтөт.

Кененирээк маалымат алуу үчүн телефон номерлерине кайрылсаңыздар болот: 0312 65 08 15, 07 35 40 91.

Пикир

Оставить комментарий