"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүндүк бөлүмдөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Кылжыров Эсенбек Токонович “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Белгилей кетсек, мурунку жетекчи кетүү боюнча өз каалоосу менен арыз жазган.

Пикир

Оставить комментарий